Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-сентябрь
Жалал-Абад облусуАксы району 26.12.2014 10:55

Аксы районундагы Кызыл-Капчыгай айылында балдар бакчасы пайдалуу берилет

Turmush -  Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Жерге-Тал айыл аймагынын Кызыл-Капчыгай айылында балдар бакчасы 29-декабрда пайдалуу берилет. Бул тууралуу Аксы районунун акими Медетбек Айдаралиев билдирди.

Анын билдиришинче, аталган айылда балдар бакчасы жоктугунан салынган.

«Ар бир айылда бала бакча салынуусу планга киргизилген. Кызыл-Капчыгай айылында 2 млн сомго жакын акча каражаты бөлүнүп, заманбап үлгүдөгү бала бакча салынды. Түрткү берүүчү гранттан 1 млн 400 миң сом каражат бөлүнүп, калган каражат райондук администрация тарабынан каржыланды», - дейт М.Айдаралиев

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×