Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-сентябрь
Жалал-Абад облусуАксы району 15.01.2015 15:23

Аксы районуна 2014-жылы 427 млн сомдук инвестициялар тартылган

Turmush -  Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү Жумагүл Эгембердиева Аксы районунун активи менен болгон жолугушууда аким Медетбек Айдаралиев өткөн жылда аткарылган иштер жана быйылкы жылы аткарылуучу милдеттер туурасында кең-кесири маалымат жасады. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди.

Аким М.Айдаралиевдин айтымында, республикалык жана жергиликтүү салык боюнча коюлган тапшырма аткарылды.

«Өнөр жай продукцияларын өндүрүү 105 пайызга аткарылды. Өткөн жылы районго 427 млн сомдук инвестициялар тартылды. Жумушсуздукту жоюу боюнча 1636 жаңы жумуш орундары түзүлдү. Жергиликтүү бюджет 74 млн 580 миң сомду түзүп, анын көрсөткүчү эки эсеге өстү. Былтыркы жылы эл аралык уюмдар жана жергиликтүү бюджеттин эсебинен райондун аймагына 38 млн. сомго 10 жаңы көпүрөлөр салынды. Мындан сырткар, 4 балдар бакчасы ишке киргизилди», - деп билдирди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×