Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-сентябрь
Жалал-Абад облусуАксы району 28.01.2015 11:22

Аксы районунда 5 эне төрөттөн каза тапкан

Turmush -  Жалал-Абад облусунун Аксы районунда өткөн 2014-жылы 5 эне төрөттөн көз жумган. Бул тууралуу Аксы райондук администрациясынын аппарат жетекчиси Алтынбек Кутманов билдирди.

Анын билдиришинче, Аксы району боюнча 2014-жылы төрөттөн 5 эне каза болгон. Бул дагы өткөн жылга салыштырганда көп катталган. Үй-бүлөлүк даарыгерлер борбору алдын алуу иштерин жүргүзүшкөн. Бирок ошого карабастан 5 эне төрөттөн каза тапкан.

«Энелердин өлүмү өткөн 2013-жылга салыштырмалуу 2 адамга көп катталып жатат. Ар бир эненин өлүмү боюнча учурунда райондук, облустук медициналык кеңеште маселе талкууланып, тиешелүү адистерге чаралар көрүлгөн», - А.Кутманов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×