Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-сентябрь
Жалал-Абад облусуАксы району 28.01.2015 11:37

Аксы районуна бир жылда 431,2 млн сомдук инвестиция тартылган

Turmush -  Жалал-Абад облусунун Аксы районунда 2014-жылы 431 млн 221 миң 900 сомдук инвестиция тартылган. Бул тууралуу кечээ, 27-январда болгон кошмо жыйында аким Медетбек Айдаралиев билдирди.

Анын билдиришинче, Аксы району боюнча жалпы 2014-жылы 431 млн 221 миң 900 сомдук инвестиция тартылып, 2013-жылга салыштырганда 18,2%га жогорулаган. Өткөн 2013-жылга салыштырмалуу тартылган инвестициянын көлөмү 66 млн 437 миң 900 сомго көбөйгөн.

«Каржылоо булактары Республикалык бюджеттин эсебинен 80 млн 351 миң 400 сом, жергиликтүү бюджеттин эсебинен 5 млн 183 миң сом, мекеме уюмдардын каражаты 31 млн 39 миң 700 сом, чет элдик каражат 48 млн 461 миң 400 сом, калктын каражаты 26 млн 6186 миң сомду түздү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×