Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-сентябрь
Жалал-Абад облусуАксы району 12.03.2015 11:26

Бажы биримдигинин талаптарына жооп берген продукция өндүрөбүз, - Аксы районунун жетекчилиги

Turmush -  Аксы районунда Бажы биримдигинин талаптарына жооп берген продукциялар өндүрүлөт. Райондун акими Медетбек Айдаралиевдин айтымында, экономика министри Темир Сариев дагы сапаттуу продукция өндүрүүнүн зарылдыгын белгиледи.

«11-март күнү экономика министри Темир Сариев район жетекчилери менен жолугушуу өткөрдү. Бул жолугушууда Бажы биримдигине кирүүнүн оң терс жактарын айтып өттү. Бирок, бизде өтө чоң коркунучтар жок экен. Азыркы күндө сатылып жаткан продукциялардын айрымдарынын баалары жогоруласа, айрымдары төмөндөйт деп айтылды. Эң негизинен биздин эл таза азык-түлүк өндүрсө, чет өлкөлөргө экспортко чыгарылат. Бажы биримдигине кирген өлкөлөрдүн талаптарына жараша продукция даярдоо зарылчылыгы белгиленди», - деди М.Айдаралиев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×