Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-сентябрь
Жалал-Абад облусуАксы району 17.03.2015 15:53

Аксынын Жаңгак айылында тамеки сактоочу эски сарай спорт залга айланды (фото)

Turmush -  Президенттик администрациянын аппарат жетекчисинин биринчи орун басары Икрамжан Илмиянов Аксы районундагы Кош-Дөбө айыл аймагынын Жаңгак айылында жаштардын демилгеси жана жергиликтүү бийликтин колдоосу менен оңдоп-түзөөдөн өткөн спорт залдын абалы менен таанышты.

Аймактык кабарчы билдиргендей, бул залга президенттин фондунан 200 миң сом каражат бөлүнгөн. Тактап айтканда, президенттин фондунан буга чейин 100 миң сом которулуп, спорттук шаймандар алынган.

Ал эми бүгүн, 17-мартта Икрамжан Илмянов 100 миң сом акча каражатын тапшырып, тарбияланып жаткан жарандарга ийгиликтерди каалады.

Айыл жашоочулары белгилешкендей, эски тамеки сактоочу сарайы айыл жаштарынын демилгеси, жергиликтүү бийликтин колдоосу менен спорт залга айланды. Бул залда эки этап менен 40тан ашуун балдар тарбияланып жатат.

Жашоочулар белгилешкендей, аталган айылда биринчи жолу спорттук зал пайдаланууга берилди.

IMG-20150317-WA0050

IMG-20150317-WA0052

IMG-20150317-WA0051

IMG-20150317-WA0049

IMG-20150317-WA0056

IMG-20150317-WA0055

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×