Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-сентябрь
Жалал-Абад облусуАксы району 18.03.2015 13:43

Аксы районунда Ноорузда улуттук тамак-аш көргөзмөсү өтөт

Turmush -  Жалал-Абад облусунун Аксы районунда Нооруз майрамында Улуттук тамак-аш конкурсу өтөт.

Аксы районунун акими Медетбек Айдаралиев аймактык кабарчыга билдиргендей, райондун борбору Кербен шаарында боз үй тигилип, тамак-аштарга сынак уюштурулуп жарменке өтөт.

«Нооруз майрамын райондук деңгээлде өткөрөлү деп жатабыз. Бул майрамда райондун айыл өкмөтүнөн тургундар катышат. Нооруз майрамына карата 2 боз үй тигилет. Улуттук тамак-аштарга сынак уюштурулат. Райондун маданият кызматкерлери тарабынан элге майрамдык концерт тартууланат жана райондун төрт бурчунан аксакалдар чакырылган. Келген конокторго сый-тамактар берилет. Улуттук оюн күрөш, ордо оюндары ойнотулат», - деди М.Айдаралиев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×