Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-сентябрь
Жалал-Абад облусуАксы району 07.04.2015 19:18

Аксы районунда Апрель революциясынын 5 жылдыгына спорттук мелдештер өткөрүлдү

Turmush -  Жалал-Абад облусунун Аксы районунда Апрель элдик революциясынын 5 жылдыгына карата спорттун 3 түрү боюнча мелдештер өткөрүлдү. Бул тууралуу аталган райондун администрациясынын аппарат жетекчиси Алтынбек Кутманов аймактык кабарчыга билдирди.

«Райондо спорттун 3 түрү боюнча мелдеш өткөрүлдү. Бул мелдешке мырзалар катышты. Волейбол, теннис жана шахмат боюнча беттеш болду. Спорттук оюндардын жеңүүчүлөрүнө акчалай сыйлыктар тапшырылды. Алардын ичинен волейбол оюну боюнча жалпы байге фонду 25 миң сомго жетип, шахмака 5 миң сом, теннис боюнча 1-2-3- орунду алган командаларга акчалай сыйлыктар ыйгарылды»,- деди А.кутманов.

 

 

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×