Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-сентябрь
Жалал-Абад облусуАксы району 07.05.2015 12:15

Аксы районунун Ак-Суу айылында улан-кыздар арасында кыз-жигиттер сармердени болуп өттү (фото)

Turmush -  Жалал-Абад облусунун Аксы районунун борбору Кербен шаарынан 70 чакырым алыста жайгашкан Ак-Cуу айыл өкмөтүндө Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына карата кыз-жигиттер сармердени болуп өттү. Бул тууралуу аталган аймактан Алмаз Сатаров маалымдады.

Ага район акими Медет Айдаралиев, согуштун катышуучусу 94 жаштагы Тургунбай Айткулиев, Токтоназар Токматов катышты.

Ошондой эле, согушта, орукта эмгектенген эмгек баатырлары катышып күбө болушту. Район акими ардагерлерди куттуктап аларга сый урмат көрсөттү.
Сармерденге Ак-Суу жана Кызыл-Жар айылынын айым, мырзалары катышып жарышка түшүштү. Анда ыр, бий жана насаат кептер менен макалдарды, жаңылмачтарды айтуу менен бирге эле кыргыз ырларын, «Манас» айтуу жөндөмдөрүн көрсөтүштү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×