Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-сентябрь
Жалал-Абад облусуАксы району 02.06.2015 14:19

Аксы районунда жаштар арасында футбол боюнча мелдештер жыйынтыкталып, жеңүүчүлөр сыйланды (фото)

Turmush -  Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кербен шаарында жаштар арасында эркин күрөш жана кичи футбол боюнча мелдеш жыйынтыкталды. Бул тууралуу уюштуруучулардын бири Алмаз Сатаров маалымдады, деп билдирет аймактык кабарчы.

Маалыматка карасак, эркин күрөш боюнча мелдеште 70 кг салмактан жогоркулар арасында 3-орунду Урматбек Зулумбеков алса, 2-орунду Мадаминбек Наркозуев, ал эми 1-орунду Нурсултан Касымбеков алган. Ал эми 70 кг салмакка чейинкилерден 3-орунду Нурсултан Касымалиев, 2-орунду Сонунбек Эсеналиев, 1-орунду Майрамбек Ишенбек уулу алган.

Ал эми футбол боюнча мелдеште 1-орунду Кербен шаарынан түзүлгөн «ербен 88» командасы алса, 2-орунду Аксы районунун «Аксы жаштары» командасы алды, ал эми 3-орунду Кербен шаарынын «Жетиген» командасы жеңди.

Спорт оюнун уюштуруучулар 2005-жылы мектепти бүтүрүүчүлөр болду, алардын байге фонду 40 миң сомго жетти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×