Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-сентябрь
Жалал-Абад облусуАксы району 09.06.2015 17:47

Аксы районунун акими айыл өкмөттөр адистерди конкурсу жок, өздөрү эле кабыл алышы керектигин сунуштады

Turmush -  Кадр маселесинде айыл өкмөттүн бир адисин ишке алуу үчүн айыл өкмөт өзү чече албайт. Ал адис конкурстан 3 тур менен өтүп келгиче, бир топ убакыт өтөт, деп билдирди Аксы районунун акими Медетбек Айдаралиев Жалал-Абадда өткөн жыйында.

«Ошол себептен, айыл өкмөттөр адистерди конкурсу жок өздөрү эле кабыл алышы керек. Бошотуу маселеси да ошондой болуп, жөнөкөй эле адис айыл өкмөт менен соттошуп жүрөт», - дейт ал.

Акимдин айтымында, чек ара аймактарында жашаган айылдарга атайын статус берип, пособие, пенсияга 3 пайыздан кошуу керек. Биз бул маселени Жогорку Кеңешке, өкмөткө жазып келе жатышат. Ал чечилбей эле айланып келе жатат. Агенттик ушундай көйгөйлүү маселелердин чечилишине демилгечиси болуп калышы керек эле.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×