Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-сентябрь
Жалал-Абад облусуАксы району 14.07.2015 14:43

Жалал-Абад шаарында ушул жылдын 6 айында 333,5 млн сом салык чогултулду

Turmush -  Жалал-Абад шаарында ушул жылдын алты ай аралыгында 333, 5 миллион сом салык жыйналды же ашыкча түрдө планга салыштырмалуу 8 миллион сом салык топтолду. Бул тууралу Жалал-Абад шаардык мэриясынын жергиликтүү экономикалык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы Салижан Умаров 14-июлда билдирди.

Анын айтымында, салыктар боюнча карызга былтыркы жылдагыга караганда 4,3 миллион сом ашыкча топтолду. Салыктар боюнча бардыгы болуп 38, 1 миллион сом жыйналды.

Анын ичинен республикалык бюджетке 190,8 миллион сом салык жыйналса, анын 9, 1 миллион сому ашыкча жыйналды.

Жергиликтүү бюджетке 2, 9 миллион сом ашыкча салык топтолуп, жалпы салык 142,7 миллион сомду түздү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×