Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-сентябрь
Жалал-Абад облусуАксы району 13.08.2015 10:14

Аксылык кикбоксчу А.Акмырзаев Азия чемпиондугунун алтын медалын тагынды (фото)

Turmush -  Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы жаш кикбоксчу Аскат Акмырзаев Азия чемпионатынан алтын медалдын ээси болду.

Аймактык кабарчыга маалымдалгандай, аталган чемпионат Индияда 1-9-август күндөрү өттү. А.Акмырзаев 75 кг салмактагылар арасында атаандаштарын жеңүү менен чемпион аталды.

Маалыматка ылайык, кикбокс боюнча Азия чемпиондугуна Кыргызстандан 22 спортчу барып, анын ичинен ар кандай салмак даражасы боюнча чыккан 11 спортчу алтын медалга татыктуу болушту.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×