Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-сентябрь
Жалал-Абад облусуАксы району 13.08.2015 13:25

Индияда өткөн Азия чемпионатында алтын медалга ээ болгон аксылык спортчуга жергиликтүүлөр ат мингизишти (фото)

Turmush -  Индияда өткөн Азия чемпионатында алтын медалга ээ болгон Аксы районунун Жетиген айылынын тургуну, жаш спортчу Аскат Акмырзаевге жергиликтүүлөр ат мингизишти, деп билдирет Turmush басылмасынын кабарчысы.

Кербен шаарынын мэриясынан билдиришкендей, жеңишке ээ болгон жаш спортчуга мэриянын атынан ардак грамота тапшырылып, ак калпак кийгизилди.

Учурда 24 жаштагы А.Акмырзаев Иорданияда өтө турчу мелдешке даярданууда.

«Чет өлкөлөрдө өтүүчү мелдештерге катышуу үчүн мамлекет тарабынан каражат бөлүнбөгөндүгү өкүндүрөт», - дейт ал.

Белгилей кетсек, А.Акмырзаев кикбоксинг боюнча 75 кг салмактагылар арасында атаандаштарын жеңүү менен чемпион аталган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×