Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-сентябрь
Жалал-Абад облусуАксы району 20.08.2015 08:54

Аксыда мугалимдердин жана билим берүү мекемелеринин жаңы окуу жылына карата даярдыгы талкууланды

Turmush -  Аксыда мугалимдердин жаңы окуу жылына даярдыгы жана билим берүү мекемелеринин кышка камылгасы талкууланды. Бул тууралуу Аксы райондук администрациясынын өкүлү Улук Атамырзаев билдирди.

«Мугалимдердин конференциясында жаңы окуу жылына карата даярдыктары каралды. Андан сырткары, өзгөчөлөнгөн мектеп жамааттары жана алдыңкы педагогикалык кызматкерлер Ардак грамоталары жана акчалай сыйлыктар менен сыйланды. Ошону менен бирге кемчиликтер белгиленип, аларды тез аранын ичинде жоюу жана кышка карата даярдыктар боюнча тапшырмалар берилди. Аны менен катар, 2015-2016-жаңы окуу жылында ачыла турган мектепке чейинки билим берүү мекемелери жана райондо аткарыла турган жумуштар тууралуу жалпы маалымат берилди», - деди У.Атамырзаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×