Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-сентябрь
Жалал-Абад облусуАксы району 07.09.2015 17:17

Аксынын Жаңгак айылында спорт залдын жоктугунан жаштар спорттук мелдештерди көчөдө өткөрүшөт (фото)

Turmush -  Аксы районунун Жаңгак айылында спорт залдын жоктугуна байланыштуу жаштар көчөдө сайдын боюнда спорттук мелдештерди өткөрүшөт, деп билдирет Turmush басылмасынын кабарчысы.

Жергиликтүү тургун Каныбек Атамбековдун айтымында, алар кышкысын да карды күрөп салып, спорттук мелдештерди уюштуруп келишет.

«Айылыбызга спорт зал салып беришсе, биз да келечекте өлкөбүздүн желегин көтөрүп, Кыргызстанды дүйнө элине таанытууга аракет кылмакпыз», - дейт Руслан Нурланбек уулу.

Белгилей кетсек, Жаңгак айылындагы 200 кожолукта 2 миңге жакын калк жашайт. Анын көпчүлүк бөлүгүн жаштар түзөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×