Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-сентябрь
Жалал-Абад облусуАксы району 13.10.2015 11:39

Аксынын жаш спортчулары шаар аралык кикбоксинг боюнча мелдеште 1-орунга ээ болушту

Turmush -  Аксы районунун Торук айылынын жаш спортчулары Ноокен районунда өткөн шаар аралык кикбоксинг боюнча мелдеште 1-орунду жеңип алышты, деп билдирет Turmush баслымасынын кабарчысы.

Мелдешке Ош, Жалал-Абад облусунун шаарларынан жаш өспүрүмдөр чакырылып, жалпысынан 100гө жакын спортчулар күч сынашты. Анын жыйынтыгында аксылык 2 жаш мушкер 1-орунга, 3 спортчу 3-орунга ээ болушту.

Мелдеш соңунда калыстардын чечими менен Аксы районунан 3 спортчу тандалып, кошумча кубоктор менен сыйланышты.

Алардын бири 54 килограмм салмакта мелдешкен Сыймык Адылбеков техникалык мыктылыгын көрсөткөндүгү үчүн кубок менен сыйланса, калгандары мыкты чеберчилиги үчүн сыйланышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×