Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-сентябрь
Жалал-Абад облусуАксы району 22.10.2015 16:53

Аксынын Кош-Дөбө айыл аймагына быйыл 10 млн сомго жакын инвестиция тартылды

Turmush -  Аксы районунун Кош-Дөбө айыл аймагына быйылкы жылы 10 млн сомго жакын инвестиция тартылды, деп билдирди айыл өкмөт башчы Маматысак Жапаров.

Анын айтымында, быйылкы жылда айыл аймакта миллион сомдон жогору болгон 3 ири долбоор ишке ашкан. Алардын бири Торук айылында казуу иштери жүрүп жаткан «Таза суу» долбоору.

Айыл тургуну Замир Айтмаматовдун айтымында, айылда буга чейин таза суу жок болчу. Жакында айылдын 60%ы таза суу менен камсыздалат. Долбоордун жалпы суммасы 980 миң 999 сом. Анын ичинен 200 миң сому айыл өкмөт казынасынан бөлүнгөн. Ал эми айылдыктар 178 миң сом салым кошушкан.

Белгилей кетсек, 3 көчөгө суу түтүгү тартылып, 33 колонкадан суу чыгарылат. Буга чейин Торук айылында 1966-жылы суу түтүгү тартылып, 2 жерден гана суу чыгарылган эле.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×