Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-сентябрь
Жалал-Абад облусуАксы району 14.01.2016 11:52

Аксыдагы бильярд ойноочу жайлар менен интернет клубдарда түндөп жүргөн окуучулар кармалды

Turmush -  Аксыда түнкү рейд өткөрүлүп, кармалган бир нече окуучуга түшүндүрүү иши жүргүзүлдү

Аксы РИИБдин башчысы Момун Добулбеков кабарлагандай, мектептерде эс алуу учуру болгондуктан окуучулар текшерүүгө алынды.

«Окуучулар эс алуу учурунда түнкүсүн эмне менен алектенери текшерүүгө алынды. Текшерүүнүн натыйжасында мектепте окуган окуучулар түнкүсүн көчөдө бильярд ойноочу жайда жана интернет клубдарда жүргөндүгү аныкталды. Аларга түнкүсүн көчөдө жүрбөш керектиги түшүндүрүлдү. Окуучуларга мындай рейддер дагы өткөрүлөт», - деди М.Добулбеков.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×