Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-сентябрь
Жалал-Абад облусуАксы району 22.01.2016 16:55

Аксы районунда 300дөн ашык балага ылайыктуу эки бала бакча кайрадан ачылды

Turmush -  Бүгүн, 22-январда Аксы районунун Кербен шаарында жана Ак-Суу, Ак-Дөбө айылдарында кайтарылып алынган бала бакчаларынын ачылышы болду.

Социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, Кербен шаарындагы «Таң шооласы» бала бакчасы 1982-жылы пайдаланууга берилген. Анда 6 топто 170 бала тарбияланчу.

1997-жылы бала бакчанын имараты Күч органдарына берилген. Көптөгөн жашоочулардын өтүнүчүнө байланыштуу 2013-жылы бала бакчанын имараты кайра кайтарылып алынган. Бала бакчада жакшы шарттарды түзүү максатында имаратта капиталдык оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлгөн. Бүгүнкү күндө бала бакчада кошумча 4 тайпа ачылды.

Ал эми Ак-Дөбө айылындагы «Арча-Бешик» бала бакчасы 1965-жылы ачылып, анда 120 бала тарбияланчу. 1993-жылы бала бакча жабылып калган, 2014-жылы жеке менчикке өтүп кеткен. Ал эми 2015-жылы ал кайра кайтарылып алынган. Учурда бала бакчанын имаратына капиталдык оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүп, 4 тайпада балдар тарбияланууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×