Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-сентябрь
Жалал-Абад облусуАксы району 25.01.2016 17:29

Фото - Жалал-абаддык 7 жаштагы Раяна Екатеринбургдагы «Мини-мисс» сынагында 3-орунга ээ болду

Turmush -  Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Авлетим айылынын 7 жаштагы тургуну Раяна Ташибекова Россиянын Екатеринбург шаарында өткөн «Мини-мисс» сынагына катышып, 3-орунга ээ болду. Бул тууралуу Раянанын апасы Тинатин Бабакулова билдирди.

120

Анын айтымында, «Мини-мисс» сынагында Раяна «Табышмактуу сулуу» номинациясына ээ болуп, акчалай сыйлык менен сыйланды. Сынактын алгачкы турундагы 2250 кыздын арасынан 66 кызды атайын коммиссия тандап алган. Раянанын апасы кызы сынакка кокусунан катышып калганын айтты.

117

«Интернетти карап отуруп, сынак жөнүндө жарыяны көрүп калдым. Шарттары менен таанышып көргөн соң анкета толтуруп жөнөттүм. Көп өтпөй уюштуруучулар телефон чалып, Раянаны тандоо туруна келе берсе боло тургандыгын айтышты. Бул кабарды уккан соң кызыбыздын жеңишке жетиши үчүн болгон күчүбүздү жумшадык. Кыргызстандан атайын улуттук кийимдерди туугандар аркылуу алдырдык. Кызым уюштуруучуларга, калыстарга өзүнүн тартынбастыгы, тайманбастыгы, сахнада өзүн эркин алып жүрүүсү менен жакты. Кызыбыздын 3-орунга ээ болгонун укканда чексиз кубандык.

Бул сынакта кыргыздын улуттук кийими катышуучулардын, көрүүчүлөрдүн көңүлүн бурду», - дейт апасы Тинатин Бабакулова.

121

Раяна Ташибекова 3-орунга ээ болуу менен 25 миң рубль акчалай сыйлыкка татыды. Учурда ал Екатеринбург шаарындагы №174 гимназияда 1-класста билим алууда. Келечекте мыкты ырчы, актриса болууну самайт.

119  

118

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×