Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-сентябрь
Жалал-Абад облусуАксы району 10.03.2016 17:21

Аксы районунун Торук айылында «Сармерден» өттү (фото)

Turmush -  Аксы районунун чек арага жакын жайгашкан Торук айылында Тарых жана маданият жылына карата кыз-жигиттердин арасында «Сармерден» өттү. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

«Сармерден» оюнуна айылдагы таланттуулар катышты. Салтанатка айыл өкмөт жетекчилиги, айыл эли, аксакалдар, энелер күбө болушту. Кыргыз элинин салтын улай дастандар айтылып, макал-лакаптар, ыр-бийлер аткарылды.

«Сармерден» айылда алгачкы жолу өтүп, Ш.Тойматов атындагы мектепке эстафета катары өткөрүлдү. Уюштуруу иштерин мектептин мугалимдери колго алып, айылдагы таланттарды алып чыгышат.

Учурда айылда 1876 адам жашайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×