Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-сентябрь
Жалал-Абад облусуАксы району 11.03.2016 12:52

Кербенде окуучулар арасында кичи футбол мелдеши өттү

Turmush -  Кербен шаарында окуучулар арасында кылмыштуулукту алдын алуу, зордук-зомбулукту болтурбоо жана ден соолукту чыңдоо максатында кичи футбол боюнча мелдеш өткөрүлдү, деп билдирет Turmush басылмасынын кабарчысы.

Маалыматка караганда, турнирди коомдук уюмдардын бири каржылаган. Кербен шаарындагы 8 мектептин окуучулары катышкан кичи футбол мелдешинде Ак-Дөбө айылындагы Н.Мамбетов орто мектебинин командасы биринчиликти камсыздап, кубокко ээ болду. Ошондой эле командадагы ар бир оюнчуга медалдар тагылды.

Жалпысынан мелдешке 100гө жакын окуучу катышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×