Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-сентябрь
Жалал-Абад облусуАксы району 23.03.2016 11:49

Итагар айылында «Жаз 2016» сынагында мырзалар кыз-келиндерче кийинип өнөр көрсөтүштү (фото)

Turmush -  Аксы районунун Итагар айылында «Жаз 2016» таланттарды тандоо сынагы өтүп, мырзалар кыз-келиндерче кийинип өнөр көрсөтүштү. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Элди ынтымакка чакыруу максатында уюштурулган сынакта Итагар айылынын тургундары өз таланттарын көрсөтүштү. Анда мырзалар менен айымдар акыя айтышты. Айылдагы мыкты кайнене, мыкты келин, айылдын атуулу жана эң мыкты үй-бүлөлөргө белектер берилди.

Жаш таланттардын арасында Атай Өмүрзаковду туурап бийлеген Эмилбек Алибек уулу «Таланттуу мырза» деп табылды.

Андан сырткары жеңүүчү деп табылган командага 4 миң сом акчалай сыйлык жана белектер, ал эми 2-орунга татыган 2 командага 2500 сомдон жана баалуу белектер тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×