Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-сентябрь
Жалал-Абад облусуАксы району 01.04.2016 13:16

Аксылык жигиттер өз айлында сынак өткөрдү

Turmush -  Аксы районунун Итагар айылында Тарых жана маданият жылына карата ыр-бий, күү, тамаша сынагы болуп өттү. Бул тууралуу Аксы райондук мамлекеттик администрациянын башчысынын орун басары Зарипа Калматова 1-апрелде билдирди.

Анын айтымында, сынакка үч айылдын өнөрпоздору катышты. Райондун Авлетим айыл аймагына караштуу Итагар орто мектебинде өткөрүлгөн чыгармачылык мелдешти ушул айылда 1992-жылы туулган жигиттер өздөрү топтогон каражаттын эсебинен уюштурушкан.

Сынак элди тынчтыкка жана ынтымакка чакыруу максатында уюштурулду. Калыстар тобунун чечими менен 1-орунду ээлеген команда 4 миң сом, 2-3-орунга чыккан командалардын ар бири 2 миң сомдон сыйлык алышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×