Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-сентябрь
Жалал-Абад облусуАксы району 08.04.2016 11:12

Аксынын Кош-Дөбө айылында 500 адамдын катышуусунда «Сармерден» сынагы өттү (фото)

Turmush -  Аксы районунун чек арага жакын жайгашкан Кош-Дөбө айыл аймагында «Сармерден» сынагынын финалдык туру өткөрүлдү, деп билдирди Turmush баслымасынын кабарчысы. Маданий иш-чарага райондогу 12 айыл өкмөттүн башчылары жана Кербен шаарынын мэри А.Апсаматов катышты.

Иш-чара Тарых жана маданият жылына арналып, улуттук каада-салт, музыка жана сөз өнөрүн кийинки урпактарга калтыруу максатында өткөрүлдү. Ага 500гө жакын адам катышты.

«Бул сынакта элдик ырлар, макал-лакап, табышмак жана жаңылмачтар айтылып, махабат темасындагы жана фальклордук ырлардын тарбиялык мааниси менен элдин эсинде калды», - деди Кош-Дөбө айылдык маданият үйүнүн башчысы Э.Абдырахманов.

Сынактын алкагында айылдагы таланттуу жигиттер тандалып, Ала-Бука районунун айымдары менен таймашат. Оюндун байге фонду 30 миң сомду түздү.

Учурда Кош-Дөбө айыл аймагында 15 миң калк жашайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×