Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-сентябрь
Жалал-Абад облусуАксы району 12.04.2016 15:13

Айыл турмушу: Үч-Коргондогу күнөсканада 70 адам иш менен камсыз болгон (фото)

Turmush -  Аксы районунун Үч-Коргон айылында дыйкандар күнөсканада өстүргөн жашылчаларын сатыкка чыгарды. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына Үч-Коргон айыл аймагынын башчысы Каныбек Кузиев маалымдады.

Анын айтымында, кыргыз-кытай биргелешкен күнөсканасы 2014-жылы иштеп баштаган. Күнөсканада бадыраң, помидор өстүрүлөт.

«Учурда күнөсканада айылдын 70 тургуну иштейт. Жумушчулар күнүнө 400 сом эмгек акы алышат», - деди күнөскананын жетекчиси Токторбай Төрөбеков.

Учурда бадыраң 100 сомдон, ал эми помидор 180 сомдон сатылууда. Күнөсканада түшүм алуу үчүн аммофос жер семирткичин пайдаланышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×