Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-сентябрь
Жалал-Абад облусуАксы району 18.04.2016 17:40

Аксы районундагы китепканалар чет элдик жазуучулардын китептери менен толукталат (фото)

Turmush -  Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы райондук борбордук китепканасы жаңы китептер менен толукталды, деп билдирди Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы.

Маалыматта айтылгандай, райондук китепканага чет элдик басмаканалардан чыккан 300 даана адабий китеп алынды. Бул китептер айыл өкмөттөгү китепканаларга да таратылат.

Китепканачылар Тарых жана маданият жылына карата «Ырыспайга ыр десте», «Биз мекендин уулубуз» деген аталыштагы иш-чараларды өткөрүштү. Жакында китеп чогултуу максатында «Белекке китеп беребиз» акциясын өткөрүү пландалууда.

Учурда борбордук китепкананын китеп фондунда 55 миң даана китеп бар. Алардын арасында СССР доорундагы китептер миңдеп саналат. Учурда аталган китепканада 6 кызматкер иштейт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×