Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-сентябрь
Жалал-Абад облусуАксы району 30.04.2016 12:22

Студенттер Аксынын Авлетим айыл өкмөтүндө «Жаштар ден соолук менен» аттуу спорттук мелдеш өткөрдү (фото)

Turmush -  Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районунун Авлетим айыл өкмөтүндө «Жаштар ден соолук менен» аттуу спорттук мелдеш өттү. Бул тууралуу иш-чаранын уюштуруучулары Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына маалымдады.

Берилген маалыматка ылайык, мелдешке айыл өкмөттөгү 5 мектептин окуучулары катышып, кыздар, балдар командасына бөлүнүп, волейбол боюнча күч сынашты.

Мелдешти Авлетим айыл өкмөтүндөгү 5 мектептен бүтүп, Ош шаарындагы жогорку окуу жайларында билим алып жаткан студенттер демилгелеп уюштурду.

Сынактын максаты — жаштарды спортко үндөө жана ынтымакка чакыруу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×