Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-сентябрь
Жалал-Абад облусуАксы району 08.06.2016 14:04

Айыл турмушу: Аксылык уста жасаган камчылар Россиянын шаарларында сатылууда (фото)

Turmush -  Аксы районунун Сөгөт айылынын 58 жаштагы тургуну Абдиламит Оролбаев камчыны мыкты өрүү менен элге кеңири таанылды.

Абдиламит Оролбаев Turmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маегинде билдиргендей, ал бул өнөрдү өзүнүн агасынан үйрөнгөн.

«Абдразак деген агам темир, жыгач иштетүүнү жакшы билген уста болчу. Андан көп нерсени үйрөндүм. Азыр колум бош болгондо эле камчы өрүү менен алектенем. Учурда чөп чабык башталып, камчы өрүү бир аз токтоп турат», - дейт А.Оролбаев.

Анын камчыларына суроо-талап жогору. Жасаган камчылары бир гана Кыргызстанда эмес, Россиянын Москва, Екатеринбург шаарларында сатылат.

«Жасаган камчыларымды өзүм базарга алып чыгып сатам. Ортомчуларга сатпайм. Себеби, алар баасын кымбаттатып жиберишет. Камчыга керектелүүчү материалдарды Бишкек шаарынан алдырам. Камчылардын баасы 500 сомдон 2 миң сомго чейин болот. Россиялык сатуучуларга 1250-1500 сомдон саттым. Каалоочулар атайын буюртма берип, үйүмдөн алып кетишет», - дейт уста.

Ал учурда өзүнүн 14 жаштагы небересине бул өнөрдү үйрөтүүдө. Анын айтымында, балдарынын бири дагы камчы жасоого кызыккан эмес.

«Балдарымдын бири дагы кызыгып, үйрөнгөн жок. Эми 14 жаштагы неберем үйрөнүп жатат. Анын камчы жасоого болгон кызыгуусу да бар. Окуудан кийин камчы жасоо менен алектенет», - дейт ал.

Абдиламит уста кесиби боюнча айдоочу. Ноокендеги 4 айлык курста окуп, билимин жогорулаткан. Андан кийин айылдагы МТФда техник оператор, Советтер Союзу тарагандан кийин дыйкан чарбада бир нече кызматтарда иштеген. Учурда дыйканчылык менен алектенет.

А.Оролбаевдин 4 уулу, 2 кызы, 16 небереси бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×