Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-сентябрь
Жалал-Абад облусуАксы району 22.06.2016 15:29

Аксынын Кызыл-Жар айылында бүтүрүүчүлөр волейбол боюнча мелдешке түштү (фото)

Turmush -  Аксы районунун Кызыл-Жар айылында мектептердин бүтүрүүчүлөрүнүн арасында волейбол боюнча мелдеш уюштурулду, деп билдирди Turmush басылмасынын кабарчысы.

9-классты жана 11-классты бүтүп жаткан окуучулар арасында өткөн сынакка Аксы РИИБдин башчысы Момуналы Добулбеков катышып, жеңүүчүлөргө диплом, грамота жана белектерди тапшырды.

РИИБден алынган маалыматка караганда, мелдештин алкагында Кызыл-Жар айылдык милициясынын өспүрүмдөр менен иш алып барган тескөөчүсү, милициянын капитаны Абаз уулу Айбек бир жылдык отчетун берди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×