Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-сентябрь
Жалал-Абад облусуАксы району 26.07.2016 09:12

Айыл турмушу: Аксылык Ч.Калыбекова чайхана иштетип, гүл өстүрүп, балык багуу менен киреше табат (фото)

Turmush -  Аксы районунун Кичи-Ак-Жол айылынын 56 жаштагы тургуну Чачыкей Калыбекова үй-бүлөлүк бизнес ачып, жол боюна гүл өстүрүп, дыйканчылык менен да алектенет. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Анын айтымында, жолдошу экөө балдары менен чогуу Тегене жолундагы капчыгайда «Бакай» чайханасын иштетишет.

«Бизде кышы-жайы сезон. Көбүнчө балык куурулат. Өзүбүздүн балык баккан көлмөбүз бар. Анда маринка балыктарын багабыз. Балыктарды жолдошум карайт. Ал эми көк чаар балыктарын Таш-Көмүр, Кара-Көл шаарларынан алдырабыз», - деди ал.

Жайкысын кардарларга муздак жарма, май токоч, кымыз сатышат.

«Бизде эң көп соода болгон мезгил май айы. Бул айда 10 жылдык, 20 жылдык бүтөрүүчүлөр көп келет. Алар биздин негизги кардарларыбыз. Балыкка буюртмалар көп түшөт», - деди Калыбекова.

Ал гүл өстүрүүнү жакшы көрөт.

«Гүл өстүргөнүмө 30 жылдай болду. Чоң жолдун боюна чакан короо жасап, гүлдүн, жашылчанын түрүн эгип койдум. Ары-бери өткөн жүргүнчүлөр гүлдөрүмө кызыгышат», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×