Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-сентябрь
Жалал-Абад облусуАксы району 11.08.2016 16:09

Айыл турмушу: Аксылык А.Төрөбекова даамдуу каттама жасоонун сыры менен бөлүштү (фото)

Turmush -  Аксы районунун Мукур айылынын 64 жаштагы тургуну Алтынбүбү Төрөбекова даамдуу каттаманы жасоонун сыры менен бөлүштү.

А.Төрөбекова Turmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маегинде билдиргендей, ал каттама даамдуу болушу үчүн каймак, көк пияз кошуп жасайт.

«Алгач каттаманын камырын ачыткы кошуп, өтө жумшак жана өтө катуу эмес кылып жууруп, ачытабыз. Андан соң, жуурулган камырдын көлөмүнө жараша бөлүктөргө бөлүп алып, ар бирин жайып чыгабыз. Жайылган камырдын бетине каймакка көк пиязды кошуп сүйкөп, бири-бирине бетме-бет келтирип, кабаттап чыгабыз. Аны узун кесип, ал тилкелерди ороп чыгабыз. Каттаманын көлөмүн кожойкелер өз табитине жараша белгилеп алат», - дейт А.Төрөбекова.

Ал белгилегендей, каттама боорсок сыяктуу кыргыздын улуттук нандарынын бири болуп саналат. Каттаманы кыргыздар сыйлуу дасторкон үчүн жасап келген.

«Ар бир улут конокторду ар кандай тосот. Ал эми кыргыздардын конокко жайган дасторконун көрүп, пейилин билсе болот. Биздин эл өзгөчө меймандос келет эмеспи. Каттама катталып, майга бышырылгандыктан ушундай аталса керек. Май сүртүлүп жасалган каттамага караганда, каймак менен көк пияз кошулуп бышырылган каттама даамдуу, жумшак келет. Аны өтө муздатпай, жаңы бышкандан кийин жегенге сунушталат», - деди ал.

А.Төрөбекова кесиби боюнча тигүүчү. Бир уулу, эки кызы, 8 небереси бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×