Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-сентябрь
Жалал-Абад облусуАксы району 25.08.2016 08:48

Айыл турмушу: Оймолуу таманташтардын автору Абылкасым Бишкектин көчөсүн өзгөчө кооздоп чыгууну сунуштоодо (фото)

Turmush -  Оймолуу таманташтардын (брусчатка) автору аксылык Абылкасымдын борбор калаанын бир көчөсүн улуттук колорит менен кооздоп чыгуу максаты бар.

Абылкасым Бегалиев 1974-жылы Аксы районунда төрөлгөн. Анын эмгеги менен аймактык кабарчы таанышып кайтты.

«Чоң атамдын атасы уста, зергер адам болгон экен. Ал эми, чоң атам ат жабдыктарын жасаган, деги эле кайыш менен иштеген уста киши болгон. Өз атам курулуш устасы болсо, менин кесибим ашпозчу. Ошентип биздин каныбызда устачылык өнөр бар. Бул идеяга балким ушул дагы түрткү болду.

Интернеттен оймолуу таманташтарды көрүп, көпкө ойлонуп жүрдүм. Ошонун негизинде таманташ жасайын деп ниеттенип жүргөнүмдө көпчүлүк тааныштар "мындай болбойт, интернетте фотошоп кылып коюшса жараша берет, жасай келгенде оор" деп калышты. Бирок, мен көздөгөнүмдөн кайткан жокмун.

Негизи жакшы иш болчудай. Бала-чаканы баканга да болот, ошол эле маалда кыргызды дүйнөгө таанытуунун бир жолу ушул болуп жүрбөсүн деп аракет кыла баштадым. Ошентип 4 ай кыйналдым.

Алгач жарытылуу каражат жок, көп убарага туш келип, көптөгөн каражат текке кетти. Акыры көктүккө салып отуруп, жакшы жыйынтыкка жеттим.

Азырынча оймолуу таманташтар сатыкка чыга элек. Бирок буюртма бергендер абдан көп. Алабыз дегендер алдын ала акча беришбейт экен. Азыр адамдардын бири-бирине болгон ишеничи жок.

Учурда оймолуу таманташтардын 1 чарчы метрин 1000 сом деп баалап атам. Бул баа байлар үчүн болуп калат экен. Карапайым элге да жеткиликтүү баа койгонго аракет кылам», - дейт чебер уста.

Ал Бишкек мэриясына кайрылуу жасап, бирок бир топ убакыттан бери жооп ала электигин кошумчалады.

«Өзүбүздүн борбор шаарыбыздын көчөлөрүн улуттук колоритти чагылдырган оймолуу таманташ менен кооздоп чыксак дегем. Биздин ким экенибизди, тарыхыбызды келген конокторго, туристтерге айтырбай билдирген кооздук болмок. Бирок, мэрия бул сунушту колдоого ала элек», - дейт А.Бегалиев.

Бегалиев Абылкасым үй-бүлөлү, 4 уул, 2 кыздын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×