Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-сентябрь
Жалал-Абад облусуАксы району 13.10.2016 13:55

Айыл турмушу: 70 жаштагы аксылык аксакал жыгачтан түрдүү жаныбарлардын айкелин жасайт (фото)

Turmush -  Аксы районунун Кашка-Суу айылынын 70 жаштагы тургуну Сапар Жоробаев жыгачтардан ар түрдүү жаныбарлардын айкелин жасайт.

С.Жоробаев Turmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маегинде билдиргендей, ал 40 жылдан бери сүрөт тартуу жана жыгачтардан ар кандай буюмдарды жасоо менен алектенет. Пенсия курагына чейин райондук маданият үйүндө эмгектенип, учурда эс алууда жүргөнүнө карабастан жыгачтардан ар кандай кооз буюмдарды жасап жатат.

«Мен 1970-жылы мурдагы Фрунзе шаарындагы көркөм сүрөт окуу жайын бүтүргөм. Окуу жайды бүтүргөндөн кийин ошол убактагы Кербен айыл өкмөтүнө келип иштеп калдым. Маданият үйүндө сүрөтчү болуп иштеп, эс алуу жайларына жыгачтардан ар кандай кооз нерселерди жасадык. Мындан сырткары, айыл өкмөттөрдүн борборлоруна дагы жыгачтардан жомоктордун каармандарын жасап бергенбиз», - деди С.Жоробаев.

Союз учурунда райондогу маданий эс алуу жайларын кооздоп, элге жагымдуу жомок каармандарын жасаганы үчүн райкомдон «Жигули» унаасын белекке алган. Мындан сырткары, ал көптөгөн сыйлыктарды дагы алууга жетишкен.

Ардактуу эс алуудагы С.Жоробаев 70ке чыгып калганы менен бош отурганды каалабастыгын, дагы көптөгөн эмгектерди жарата турганын айтат.

«Жашым 70ке чыкты. Бирок, азыр деле жаш бойдонмун. Себеби, чыгармачыл адамдын жүрөгү жаш болуп, изденүү менен алектениши керек. Антпесе өзгөчө идеялар келбей, жасап жаткан ишиң жакшы болбой калышы мүмкүн. Пенсияга чыксам деле изденип, жыгачтардан ар кандай жаныбаларды жасап жатам», - деди ал.

Жыгачтардан жасалган жаныбарлар өзгөчө бир ааламды элестетет. Жаныбарлар катар тизилген устакана музейдин элесин чагылдырып турат. Эң кызыгы жасалган жаныбарлардын көбү суу менен агып келген жыгачтардын тамырынан жасалат.

«Жаныбардын айкелин жасоо үчүн дарак кыйып, токойго зыян келтирбеш керек. Мен суу жээгине барып, дарактардын тамырларын агып келген агындылардан чогултуп келип, аны бир жаныбарга окшоштуруп жасап коем. Көп учурларда суу боюна эс алууга барып, тамырларды таап келем. Эс алуу учурунда дагы өзгөчө идеялар жаралат», - дейт карыя.

Үйүндөгү отургучтарды да өзү жасап алган карыянын келечекте жаныбарлардын бардык түрүн жасап койсом деген тилеги бар. 1 жыл мурда Улуттук сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү болгон С.Жоробаев 2014-жылы Улуттук тарых музейинде жеке көргөзмөсүн өткөрүп, өзү жасаган 50дөн ашык жаныбарлардын айкелдери коюлган.

С.Жоробаевдин 2 уулу, 1 кызы жана 10 небереси бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×