Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-сентябрь
Жалал-Абад облусуАксы району 25.10.2016 15:39

Айыл турмушу: Аксылык Асанбек агай «Кара-Төбөнүн Дүйшөнү» деген атка конгон (фото)

Turmush -  61 жаштагы мугалим Асанбек Аскаров Аксыдагы Кара-Төбө мектебинин биринчи мугалими. Аймактык кабарчы мугалим менен маектешти.

Анын айтымында, Аксы районунун Сөгөт айылында туулган. Ч.Айтматовдун «Биринчи мугалим» чыгармасынан таасир алып, бала кезинен эле мугалим болууну көздөгөн.

«1962-жылы Кара-Төбө башталгыч мектебине окууга киргем. 1966-жылы Кербен жатак интернатына которулуп, ал интернатты 1972-жылы аяктагам. Ошол эле жылы Жалал-Абад шаарындагы А.Пушкин атындагы педагогикалык окуу жайдын дене тарбия бөлүмүнө киргем. 1973-1975-жылдары Советтик армиянын катарында кызмат өтөдүм. 1976-жылы педагогика окуу жайын артыкчылык диплому менен аяктадым», - деди Асанбек агай.

Ал 1976-жылы эмгек жолун баштап, Кара-Төбө башталгыч мектебине мугалим болуп кирген. 1977-жылы Фрунзедеги дене тарбия институна кирип, аны 1982-жылы аяктаган.

«1979-жылы иш кагаздарды топтоп, чуркап жүрүп 19-августта аталган мектепти 8 жылдык мектеп катары ишке киргизип, окуучулардын 8 жылдык билим алуусуна шарт түздүк. Мектепте эмгектенип жүрүп, 1991-1996-жылдары аталган айылдык кеңештин депутаты болдум. Ал ортодо айыл башчы болуп да иштедим», - деп кошумчалады мугалим.

Ал мугалим катары райондук, облустук бир нече сыйлыктар менен сыйланган. Элеттиктер Асанбек агайды «биздин мектептин Дүйшөнү» деп атап, ар дайым сыйлап турушат.

Агай комуз, аккордеон чертип, ар кандай салтанаттарга катышып турат.

«1968-жылы Рысбек Тасмаевдин талантына таасирленип, комуз чертүүнү өзүм эле өздөштүрүп алгам. 1967-жылдан бери комуз, аккордеон чертип ар кандай салтанаттарга катышып келем. Мектепте иштеген 41 жылдан бери дене тарбия, аскерге чейинки даярдык, чийүү сабактары боюнча окуучуларга билим берип келем. Окуучуларга комуз черткенди да  үйрөтөм. Окуучулар үчүн атайын комуз ийримин ачып, комузчулар ансамблин түзгөнбүз», - деди агай.

Мугалим жубайы Дилбар менен 1977-жылы баш кошкон. Учурда 2 уул, 3 кыздын жана 15 неберинин ата-энеси болушту.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×