Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-сентябрь
Жалал-Абад облусуАксы району 27.03.2017 17:50

Айыл турмушу: Койдун жүнүнөн токулган буюмдар бышык жана пайдалуу болот, - аксылык чебер (фото)

Turmush -  Аксы районунун Итагар айлынын 72 жаштагы тургуну Талимкан Мамадалиева жиптен бешик боо, куржун жасап, аларды өзүнүн балдарына, неберелерине белек катары берет.

Т.Мамадалиева бул өнөрдү жаш кезинен бери аркалап келе жатканын белгилейт.

«Мен жаш кезде апаларыбыз койдун жүнүнөн жип жасачу. Жасалган жиптерден көптөгөн керектүү буюмдарды токуганды үйрөнгөм. Ошол убакта жиптен сокмо кылып, бешикке боо, куржун жасаганды үйрөндүм. Учурда бош отурганда койдун жүнүнөн ирилген жиптен бешикке боо жасайм. Бешик боону бир күндө эле жасап бүтөм», - дейт ал.

72 жаштагы Талимкан апа сокмо аркылуу жасалган буюмдар учурда унутулуп бара жатканын белгилейт.

«Учурда сокмо аркылуу жасалуучу куржун, бешик боо сыяктуу буюмдарды көп адамдар унутуп калды. Азыр мен башкаларга деле үйрөткүм келет. Бешик боонун жасалышы оңой эле. Ал эми куржун жасоо бар аз кыйын. Себеби, аны сокмолоп жасаш керек. Мен токуп жасаган буюмдарды келиндериме белек катары берем», - деди чебер.

Ал койдун жүнүнөн токулуп жасалган буюмдар бышык, жылуу жана пайдалуу болорун белгиледи.
Т.Мамадалиеванын 5 уулу, 5 кызы жана 40тан ушуун неберелери бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×