Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-сентябрь
Жалал-Абад облусуАксы району 30.03.2017 10:01

Айыл турмушу:15 жылдан бери бал өндүргөн У.Кошонова аары багуунун сырларын айтып берди (фото)

Turmush -  Аксы районунун Тосту айылынын 66 жаштагы тургуну Уулкан Кошонова 15 жылдан бери аары багуу менен алектенет.

Turmush басылмасынын кабарчысы бал челекчинин иши менен таанышып келди.

У.Кошонованын айтымында, ал аары багууну жолдошу Сапар Жоробаевден үйрөнгөн.

«Жаз келип, аарыларды сыртка чыгардык. Айрым аарылар үй-бүлөсү менен өлүп калгандыктан аларды тазалап жатам. Эми алардын ордун толтуруу үчүн башка аарыларды көбөйтүп, үй-бүлө кылып бөлүп чыгышыбыз керек. Жазында аарыларды кароо менен алектенебиз», - дейт ал.

У.Кошонова аары багуунун сырларын долбоор аркылуу тереңдетип үйрөнгөн.

«Мындан 15 жыл мурун жолдошумдан аары багууну үйрөнө баштадым. Кийин айылды жакырчылыктан чыгаруу боюнча долбоор биздин айылга келгенде ага дагы катышып калдым. Ал долбоордо дагы аары багуунун ыкмаларын үйрөтүштү. Ошол күндөн тартып мен аары багууга өттүм. Жолдошум мага аары бакканды үйрөткөндөн кийин өзү устачылык кылууга өтүп кетти. Ошол бойдон аары кароо менин жумушум болуп калды. Учурда 30га жакын бал челектеги аарыны карап жатам. Аны 30 үй-бүлө аары деп койсо болот. Алар ооруп калса дары берем. Аарылар негизинен чиринди оорусу менен ооруйт, ичтери өтүп калат. Мындан сырткары, аарыны кене басып кетет. Алар ооруганда дарылабаса өлүп калат. Ошондуктан жакшы кароо керек», - дейт ал.

У.Кошонова жыл сайын 500 кг чейин бал өндүрөт. Эгер аарылар күн жакшы жылыган жерде багылса, мындан да көп бал өндүрүүгө болорун айтат.

«Биз жашаган Тосту айылы тоолуу, суук, жаан чаачын көп жаайт. Ошондуктан жай мезгилинде 2 гана жолу бал алууга болот. Эгер аарыны күнөстүү жерге караса 3-4 жолу бал алса болот. Орточо эсеп менен 30 бал челектен 1 таннага чейин бал өндүрүүгө болот», - деп кошумчалады ал.

У.Кошонова учурда 66 жашта. Ал бал сатуу менен кошумча киреше табат. Жолдошу Сапар Жоробаев менен баш кошуп жашаганына 45 жылдан ашты. Алардын 2 уулу, 1 кызы жана 10 небереси бар.

С.Жоробаев жыгачтардан ар кандай жаныбарлардын айкелин жасап, устачылык менен алектенет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×