Алардын айтымында, жолбун иттер жаш балдарга кооптуулук жаратууда. Андыктан шаар жетекчилигинен бул маселе боюнча чара көрүүнү суранышат.
«Таштандыларда тамак издеп, үйдүн короолоруна чейин кирип жаткан иттер адамдарга кол салып, тиштеп алса ким жооп берет? Аларда кандай жугуштуу оорулар бар экенин эч ким билбейт», - дешет тургундар.