При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 24-июль
68.85    80.21    1.17    KZT 0.21

Селден жабыркаган Аксынын Итагар айылынын тургундары акимге нааразы, - активист (фото)

Turmush -  Аксы районунун Итагар айылынын тургундары сел каптоо коркунучу бар аймакка келип, кырдаалды көзөмөлгө албаган аким Масалбек Мырзамамытовго нааразы.

Жергиликтүү активист Бекмырза Абдыразаковдун айтымында, Итагар айылына бүгүн район акими келе турганы маалымдалган. Бирок аким келбеген соң, чогулган эл тарап кетти.

«Айылга район акими Масалбек Мырзамамытов келип, эл менен жолугат деп айтылган. 20дан ашуун адам акимди 2 саат күтүп, бирок келбегенден кийин тарап кетишти. Район акими өзгөчө кырдаал учурунда келип, элдин абалы менен жеринен таанышып кетсе болот эле. Учурда турак үйлөрдү сел каптоо коркунучу жаралууда. Аким кырдаал менен таанышпаганына тургундар нааразы», - деди ал.

Аксы районунун акиминин орун басары Талант Эмилбек уулу Итагар айылынан кабар алып келгенин билдирди.

«Мен эртең менен эрте Итагар айылына барып кабар алып келдим. Көпүрөнүн абалы менен тааныштым. Тиешелүү кызматкерлер сел каптоонун алдын алуу жана анын кесепетин жоюу боюнча чараларды көрүүдө», - дейт ал.

Буга чейин маалымдалгандай, кечээ, 4-июнда катуу жааган жамгырдан улам сел жүрүп, айылга баруучу көпүрөнү жана ашар жолу менен салынган көпүрөнү алып кеткен. Мындан сырткары, 1 трактор жана УАЗ унаасын агызып кетти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 543
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу