Бөлүмдөр
Шаршемби, 20-июнь
Жалал-Абад

Аксыдагы сел 4 көпүрөгө кооптуулук жаратты (фото)

Turmush -  Аксы районунун Авлетим айыл аймагынын Итагар айылында катуу жааган жамгырдын кесепетинен бүгүн, 5-июнда саат 02:00-03:00 чамасында Итагар дарыясынын деңгээли көтөрүлүп, 4 көпүрөгө кооптуу абал жаралган.

ӨКМдин райондук бөлүмүнүн башчысы, улук лейтенант Э.Тойчубековдун маалыматына караганда, Тескей участкасындагы Итагар дарыясындагы ички чарбалык унаа өтүүчү 2 көпүрөнүн бири жараксыз абалга келди. Ал эми бир көпүрөнүн сырт жагынан суу айланып кеткен.

Аталган 4 көпүрөдө каттам токтотулду. Ошондой эле, суу Итагар дарыясынын оң жана сол жээгин жеп, Итагар айылында жээкке жакын жайгашкан 5 турак жайга кооптуу абал жаралган. Ак-Үңкүр участкасындагы Итагар суусуна 1 бирдик трактор, 1 бирдик УАЗ автоунаасы тыгылып калган. Адам өмүрүнө зыян келген эмес.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1990
Көп окулду
×