Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-ноябрь
69.75    82.21    1.17    KZT 0.21
Жалал-Абад

Аксыда сел агызып кеткен трактор табылды (фото)

Turmush -  Аксы районунун Итагар айылында сел агызып кеткен трактор табылды, деп билдиришти жергиликтүү тургундар.

Алардын айтымында, кечээ, 5-июнда саат 02:30 чамасында сел жүрүп, 2 көпүрөнү, «УАЗ» унаасын жана тракторду суу агызып кеткен. Трактордун ичиндеги 5 адам дагы сууга агып, бирок аман калышкан. Сел агызып кеткен тракторду шагыл басып калган жеринен тургундар өздөрү чыгарышты. «УАЗ» унаасы четте болгондуктан ага көп зыян келтирилген эмес.

Аксы районунун Авлетим айыл аймагынын Итагар айылында катуу жааган жамгырдын кесепетинен 5-июнда саат 02:00-03:00 чамасында Итагар дарыясынын деңгээли көтөрүлүп, 4 көпүрөгө кооптуу абал жаралган.

ӨКМдин райондук бөлүмүнүн башчысы, улук лейтенант Э.Тойчубековдун маалыматына караганда, Тескей участкасындагы Итагар дарыясындагы ички чарбалык унаа өтүүчү 2 көпүрөнүн бири жараксыз абалга келди.

Аталган 4 көпүрөдө каттам токтотулган. Ошондой эле, суу Итагар дарыясынын оң жана сол жээгин жеп, Итагар айылында жээкке жакын жайгашкан 5 турак жайга кооптуу абал жаралган. Ак-Үңкүр участкасындагы Итагар суусуна 1 бирдик трактор, 1 бирдик УАЗ автоунаасы тыгылып калган. Адам өмүрүнө зыян келген эмес.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 4402
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×