Бөлүмдөр
Шаршемби, 20-июнь
Жалал-Абад

Аксынын 2 айыл өкмөтүнө өзгөчө кырдаал режими киргизилди

Turmush -  Аксы районунда сел жүргөнүнө байланыштуу 2 айыл өкмөткө өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Бул тууралуу аким Масалбек Мырзамамытов билдирди.

Анын айтымында, сел каптоо коркунучу күч болгон аймактар бар.

«Аксы районунун Кашка-Суу жана Авлетим айыл өкмөттөрүндө өзгөчө кырдаал режими жарыяланды. Учурда сел кесепеттерин жоюуга аракеттер көрүлүп жатат. Кашка-Суу айыл өкмөтүндө 40 үйдү жана көпүрөнү сел каптоо коркунучу жаралды. Авлетим айыл өкмөтүндө 5тен ашуун үйгө коркунуч жаралып, көпүрөлөр жараксыз абалга келди», - деди ал.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1548
Көп окулду
×