Бөлүмдөр
Шаршемби, 27-сентябрь
68.43    81.46    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Жалал-Абад

Аксынын Кара-Жыгач айыл өкмөтү бала бакчанын имаратын бошотот

Turmush -  Аксы районунун Кара-Жыгач айыл өкмөтү бала бакчанын имаратын бошотот. Бул тууралуу айыл өкмөттүн башчысы Батыркул Шабданов билдирди.

Анын айтымында, айыл өкмөттүн кызматкерлери жаңы имаратка көчүрүлөт.

«Кара-Жыгач айыл өкмөтүнүн жаңы имараты жакында курулуп бүтүп, пайдаланууга берилет. Айыл өкмөттүн кызматкерлери бала бакчанын имаратын бошотуп берет», - деди Б.Шабданов.

Кара-Жыгач айыл өкмөтү көп жылдардан бери бала бакчанын имаратын пайдаланып келген. Буга байланыштуу айылда 300гө жакын наристе бала бакчага барбай жатканы маалымдалган. Мындан сырткары, эски бала бакчанын имаратынын 3 бөлмөсү жана 14 сотых жери тиш дарылоочу борборго сатылып кеткени айтылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 437
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу