При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 24-июль
68.85    80.21    1.17    KZT 0.21

Электр мамысын сел алып кеткен Кашка-Суу айыл өкмөтүндөгү 4 айылга электр жарыгы берилди

Turmush -  Аксы районунун Кашка-Суу айыл өкмөтүндөгү 4 айылга электр жарыгы берилди. Бул тууралуу айыл өкмөттүн башчысы Улук Керимкулов билдирди.

Анын айтымында, буга чейин сел каптоодон улам электр жарыгы үзгүлтүккө учураган.

«Кашка-Суу айыл өкмөтүндө электр мамысын суу алып кеткен. Ошондон улам 5 айылда электр жарыгы өчүп калган. Учурда 4 айылга электр жарыгы берилип, 1 айылга бериле элек. Мындан сырткары, 25 үйдү сел каптоо коркунучу күч бойдон турат. Бирок, учурда ӨКМдин техникалары менен алдын алуу аракеттери көрүлүп жатат», - деди ал.

Кашка-Суу айылында жүргөн сел 40 үйгө жана 1 көпүрөгө кооптуулук жараткан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 378
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу