При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 24-июль
68.85    80.21    1.17    KZT 0.21

Фото - Падыша-Ата дарыясынын суусу 30 түп бак-даракты агызып, жолду жараксыз кылды

Turmush -  Аксы районунун Туюк-Жар айылында катуу жааган жамгырдын кесепетинен Падыша-Ата дарыясынын суусу көтөрүлдү. Суу Кербен—Кашка-Суу унаа жолунун 4-чакырымындагы унаа өтүүчү көпүрөнүн жээгин жана жолдун 5 метр аралыгындагы асфальттын кыртышын жеп, жараксыз абалга келтирген.

ӨКМдин аймактык башкармалыгынын маалыматына караганда, жолдо каттам токтоду. Мындан сырткары, 800 метр дарыянын жээгин, 500 метр ички чарбалык жолду жана ички чарбалык көпүрө катары пайдалануучу темир-бетондон жасалган 2 даана түтүктөрдү бузуп, жараксыз абалга келтирген.

Анын кесепетинен 150 кожолуктун автоунаа байланышы үзүлүп, 15 турак жайга кооптуу абал жаралып, 2 турак жайдын короосун суу каптады. Мындан сырткары, 1 даана (10 Квт) электр мамычасын кулатып, жараксыз абалга келтирген. Андан улам айылда убактылуу электр энергиясы өчүрүлдү. Ошондой эле, 2015-жылы ӨКМ тарабынан орнотулган 100 даана габион торчолордун 50 даанасын бузуп, жараксыз абалга келтирген.

Учурда жолдорду жана электр мамычасын калыбына келтирүү жумуштары улантылууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 715
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу