При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 24-июль
68.85    80.21    1.17    KZT 0.21

Фото - Аксыда үйлөрдү, көпүрөлөрдү жана жолду каптаган селдин кесепеттери

Turmush -  Аксы районунун аймагында селдин кесепеттерин жоюу иштери улантылып жатат. ӨКМ маалымдагандай, 4-июнда саат 18:50 чамасында жаап баштаган нөшөрлүү жамгырдан улам 5-июнда Падыша-Ата, Итагар, Авлетим дарыяларында суунун деңгээли көтөрүлүп, Авлетим, Кашка-Суу, Кызыл-Туу айыл аймактарында сел жүргөн.

Селдин кесепетинен Авлетим айыл аймагында Итагар дарыясынын деңгээли көтөрүлүп, көпүрөнү жууп кеткен. Ошондой эле, 3 ички чарбалык көпүрөгө жана дарыяга жакын жайгашкан 5 турак үйгө коркунуч жаралган. 

Итагар айылындагы Кербен—Кашка-Суу унаа жолунун 11-чакырымында жана Кара-Жыгач—Сары-Челек унаа жолунун 17-22-чакырымында сел жүрүп, унаа жолдорго сел калдыктары толуп, унаалардын каттамына кыйынчылык жаралган.

Кашка-Суу айыл аймагында 7 турак үйдүн короосуна сел суулары кирип, 70 турак үйгө, 1 мектепке, 1 ФАПка коркунуч жаралган. 2365 метр ички чарбалык жолдорго, 250 метр арыктарга сел калдыктары толгон. 1 ички чарбалык көпүрө, 1 электр мамысы жана 50 даана габион торчосу жараксыз абалга келген.

Кызыл-Туу  айылына караштуу Бабаев сугат каналы шагыл таштарга толуп, каналдан ашкан сел суулары 6 турак жайдын короолорун каптаган.

Жол-Сай айылындагы Жол-Сай жана Ак-Жар участкасында ички чарбалык унаа жолдун 7-8 метр аралыгын суу жеп кеткен. Жол каттамы убактылуу жабык. Ошондой эле, Жылгын айылынын Капчыгай участкасында 20 метр аралыктагы унаа жол бузулуп, жол каттамы токтогон.

Жалпы район боюнча 13 турак үйдүн короолорун сел суулары каптап, 2238 метр ички чарбалык жолдорго сел калдыктары топтолгон жана 2 көпүрө (1 ички чарбалык), 1 электр мамычасы жана 50 даана габион торчолору жараксыз абалга келген. Мындан сырткары 76 турак үйгө, 1 мектепке, 1 ФАПка жана 5 көпүрөгө (2 ички чарбалык) кооптуу абал жаралган.

Учурда дарыялардын жээктерин бекемдөө жана калыбына келтирүү иштерине 22 бирдик техника жана 70тен ашык адам чыкты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 785
Комментарии
Обсуждения закрыты
Нет аватара
toxa
12:41, 07 июня 2017
окмот башчы, толугу менен бул жерлер козомолго алынганын айтты. буюрса жакшы болот жардам берилет
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу