Бөлүмдөр
Шаршемби, 20-июнь
Жалал-Абад

Фото, видео - Куткаруучулар Аксыдагы селден 5 үй-бүлөнү сактап калышты

Turmush -  Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары Аксы районунда сел каптаган аймактан 5 үй-бүлөнү куткарып калышты.

Райондо 6-июнь күнү саат 17:00 чамасында мөндүр аралаш катуу жаан жаап, Авлетим жана Кара-Суу айыл аймактарындагы турак жайларга жана унаа жолдорго кооптуу абал жаралган. ӨКМдин Жалал-Абад облустук башкармалыгынан алынган маалыматка караганда, Авлетим айыл аймагынын Тегирмен-Сай айылындагы Бузурман-Сай сайынан келген сел суулары өз нугу менен акпай, Авлетим—Товар-Сай ички чарбалык унаа жолуна аккан. Жол боюнда жайгашкан турак жайларды жана ички чарбалык жолду кошо суу каптаган.

«Суунун курчоосунда калган 5 турак жайдын жашоочуларын ӨКМдин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын башчысы А.Бекилов баштаган ыкчам топ куткарып, коопсуз жайга алып чыгышты. Адамдар жабыркаган жок.

Сел суулары агып өтүүчү сайдын нугуна курулган 9 турак жайдын короолорун таш аралаш кум-шагыл каптаган. Ошондой эле, ички чарбалык унаа жолго 210 метр кубга жакын таш аралаш кум-шагыл үйүлүп, унаа жолду жараксыз абалга келтирген. Бул жолдогу каттам убактылуу жабылды», - деп айтылат билдирүүдө.

Учурда райондун аймагында селдин кесепеттерин жоюу иштери улантылып жатат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2244
Көп окулду
×