Бөлүмдөр
Жума, 24-ноябрь
69.75    82.62    1.19    KZT 0.21
Жалал-Абад

Аксынын Итагар айылына баруучу жолдогу көпүрө оңдолду

Turmush -  Аксы районунун Итагар айылына баруучу жолдогу көпүрө оңдолуп, каттам ачылды. Райондук жол тейлөө ишканасынын башчысы Алмаз Мураталиевдин айтымында, калыбына келтирүү иштери кечээ, 7-июнда аяктады.

«Итагар айылына баруучу жолдогу көпүрөнүн бир тарабын 4-июнь күнү сел алып кеткен. Андан улам 360 кожолук жолдон өтө албай калган. Кечээ каттам ачылып, учурда көпүрөнүн айланасын бекемдөө иштери жүрүп жатат», - деди А.Мураталиев.

4-июнда саат 3:00 чамасында жүргөн катуу сел айылдагы 2 көпүрөнү жарактан чыгарып, 1 көпүрөгө коркунуч жараткан. 

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 611
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×