Бөлүмдөр
Шаршемби, 27-сентябрь
68.43    81.46    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Жалал-Абад

Айыл турмушу: Аксыда таштан курулган алгачкы күнөсканадан 1 тонна помидор алынды (фото)

Turmush -  Аксы районунда таштан курулган күнөскана түшүм бере баштады. Райондогу Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы Асанбек Тыныбековдун айтымында, Кыргызстанда буга чейин таш менен курулган күнөскана болгон эмес.

«Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн Чие айылында таш менен курулган күнөскана сыноодон өтүп жатат. Ал миграцияны алдын алуу максатында жаш үй-бүлөгө берилген. Учурда андан помидордун 1 тоннага жакын түшүмү алынып, сатыкка чыкты. Учурда өстүрүлүп жаткан помидор өзгөчө сорттордун катарына кирип, бою 3-4 метрге чейин жетет. 1 түп помидор 10 кг чейин түйшүм берет экен. 2 сотых жерге курулган күнөсканада 400 түп помидор бар.

Таш менен курулган күнөскана башкалардан айырмаланып жайында салкын, кышкысын жылуу болот. Курулушка инвесторлордун жардамы менен 900 миң сом сарпталган», - деди ал.

Учурда Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн тургундары 11 күнөсканадан түшүм алып жатышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2764
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу